Бишкек жана Ош шаарларында 2-майдан 7сине чейин Жеңиш эстафетасы өтөт

Бишкек жана Ош шаарларында 2-майдан 7сине чейин Жеңиш эстафетасы өтөт.

Чек ара кызматынан билдиришкендей,  Кыргызстан Казакстандан Жеңиш эстафетасын алды.

Бул Улуу Ата Мекендик согуштагы жоокерлердин эрдиги жана баатырдыгын эскерүү болуп саналат.

Андан кийин символ Тажикстандын чек арачыларына берилет. Акция 28-майда Москвада

«Белгисиз жоокердин күмбөзү» мемориалдык комплексинде аяктайт. Эл аралык акция

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналат. Коронавируска байланыштуу ага коомчулук катышпайт.

Жеңиш эстафетасы КМШ өлкөлөрүнүн чек ара коопсуздугунун аракеттерин бириктирет.