Баткен облусунда жүргөн селдин кесепети жоюлууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында,
кечээ жааган жаандан улам Кара- Булак, Тогуз-Булак айыл
аймактарында жана Исфана шаарында сел жүрдү. Натыйжада шаардын
Восточная көчөсүнүн боюндагы турак үйлөрдүн короолорун, жер төлөлөрдү суу каптады.
Учурда кырсыктын чыгымдары эсептелип жатат.
Жеринде ведомствонун кызматкерлери иштеп жатат.