Өткөрмө кагаз алууга берилген арыздын көбү канааттандырылган жок

Өткөрмө кагаз алууга берилген арыздын көбү канааттандырылган жок.

Вице-мэр Азизбек Алымкуловдун айтымында,  1-майдан баштап иштөө

үчүн өткөрмө кагаз алууга 13 миң билдирме түштү. Бирок анын ичинен

бир жарым миңден ашыгына гана документ берилди. Ал эми өткөрмө

кагаз албай калгандар, сайттагы тизмеде көрсөтүлгөн зарыл документтерди

толук толтурбагандар. Эске салсак, Бишкекте өзгөчө абал режими 10-майга

чейин узартылды. Ага чейин 7 тармактын ишмердүүлүгүнө уруксат берилди.