Лейлек районуна өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Лейлек районуна өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрилгинин маалыматына ылайык,

атайын штаб түзүлүп, мөндүрдүн жана селдин кесепеттерин жоюу

маселесин талкуулашты. Ага ылайык, жакынкы күндөрү кырсык

каттарлаган жол, инфраструктура калыбына келтирилет жана

зыяндын суммасы эсептелип чыгат. Эске салсак, кечээ мөндүр

аралаш жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек районунда сел жүрдү.

Жалпысынан 26 турак жайды суу каптады. Ошондой эле бала бакчага да суу толду.

Селден Исфана-Андарак-Көкташ, Самат-Замборуч-Жаркыштак,

Ош-Баткен-Исфана жолдорунун айрым тилкелери жабыр тартты.