25-майдан тартып спорт зал, фитнес клуб жана бассейндер да иштеп баштайт

25-майдан баштап уруксат берилген тармактардын тизмесине спорт зал,

фитнес клуб жана бассейндер да кирди. Республикалык штабдын чечимине ылайык,

аларда санитардык нормалар сакталышы зарыл. Ошондой эле жабдууларды аралыкты

сактоо менен жайгаштыруу шарт. Спорт борборлорунда футбол, күрөш, бокс,

баскетбол сыяктуу командалык спорт түрлөрүнө тыюу салынат.

Уруксат жеке спорттун гана түрүнө уруксат берилди.