АКШ соту «Титаник» кемесин изилдөөгө уруксат берди

АКШ соту алгачкы ирет Атлантика океанына чөгүп кеткен «Титаник» кемесин

изилдөөгө уруксат берди. Иштер жай айында башталат. Адистер биринчи кезекте

«Marconi» зымсыз телеграфын табууну көздөп жатышат. Бул телеграф аркылуу

кеменин эмне себептен бир заматта чөгүп кеткенин билүүгө болот. Кошумчаласак,

«Титаник» 1912-жылы Англиядан АКШга багыт алган. Сапардын төртүнчү күнү

кеме айсберг менен кагылышып, 1 жарым миң адам каза тапкан.