Россияда кассасы жана сатуучусу жок дүкөн иштеп баштады.
Анда кардарларды тейлөө компьютердик система аркылуу жүргүзүлөт.
Ал үчүн атайын тиркеме жүктөө керек. Андан кийин кардар дүкөндүн кире
беришиндеги системага QR-кодду көрсөтөт. Соода кылгандан кийин акча
төлөм картадан автоматтык түрдө алынат. Дистанциялык дүкөн
Москвадагы соода борборунун биринде жайгашкан.