Испаниянын тургуну кызынын көңүлүн көтөрүү максатында таштанды
төгүүнү кызыктуу процесске айлантты. Кыздын атасы карантин учурунда
алгач «Муздак жүрөк» мультфильминдеги Олаф, кар кишинин кийимин кийип чыккан.
Ушундан кийин ага идея келип, 3 жашар кызы менен күндө таштанды төгүүгө чыгарда
ар түрдүү мультфильмдердин каармандарын чагылдырат. Булардын түркүн
формаларын көрүү үчүн адамдар күндө кечинде балконго чыгып, карап турушат.