Өлкөнүн трассаларында курулуш иштери уланууда.
Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Казарман-Актал-Чат жана Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол
унаа жолдорунда тилкени кенейтүү иштери аткарылууда. Ошондой эле
жол четтериндеги белгилер сырдалып, таштандылардан тазаланып жатат.
Ведомство тейлеген магистралдар кыймылга ачык.