Францияда балдар ойноп жатып 2 килограмм алтын таап алышты.
Үй куруп ойнойбуз деген неберелерине карыя чоң апасынын колдонулбай калган
шейшептерин берген. Куймаларды балдар шейшептин арасынан таап алышкан.
Алтын 1967-жылы эле алынганын эксперт тастыктады. Куймалардын салмагы
2 килограммды түзүп, 100 миң еврого бааланат. Учурда алтынды аукционго
коюу пландалып, 16-июнга белгиленди. Анын алгачкы баасы 43 миң евро.