Ысык-Көлдө эс алуучуларды кабыл алуунун жаңы эрежелери иштелип чыкты

Ысык-Көлдө эс алуучуларды кабыл алуунун жаңы эрежелери иштелип чыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, пансионат жана эс алуу үйлөрү ар бир кардарынын дене табын текшерип турушу зарыл.   Бөлмөлөрдө болсо бир адамга кеминде 6 чарчы метр туура келиши керек. Пляж жабдуулары санитардык тазалоодон өткөрүлүп, ортолорундагы коопсуз… Кененирээк…

Нарында бейтаптар чатырларда дарыланган жок

Нарында бейтаптар чатырларга жатып дарыланбайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координаторунун убактылуу милдетин аткаруучу Айнура Акматова билдирди.   Буга чейин Telegram-каналдардын биринде «Нарында бейтаптардын көптүгүнөн аларды оорукананын короосундагы чатырларда кабыл алып жатат» деген маалымат тараган.   Бул кабарды Акматова төгүндөп, чатырлар коронавирус жуктуруп… Кененирээк…

Кыргызстанда 18 жашка чейинки 2 миллион 456 миң бала жашайт

Кыргызстанда 18 жашка чейинки 2 миллион 456 миң бала жашайт. Ушул жылдын башына карата маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүшүүдө. Андан белгилешкендей, эркек балдардын саны кыздарга караганда көбүрөөк.   Жаш балдардын басымдуусу, же 68 пайызы айыл жергесине туура келет.

Өлкөдө аймак аралык автобус жана маршруттук таксилер качан жүрө баштайт, белгисиз

Өлкөдө аймак аралык автобус жана маршруттук таксилер качан жүрө баштайт, белгисиз. Бардыгы эпидемиологиялык абалга көз каранды болот, — дешти Республикалык штабдан.   Белгилеп кетсек, Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана башка ири шаарларда коомдук транспорт 25-майда каттамга чыкты. Аларда айдоочулар дагы, жүргүнчүлөр дагы коопсуздук максатында беткапчан болушу… Кененирээк…

Кыргызстанда жалпы колдонуу жолдорунда жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилди

Кыргызстанда жалпы колдонуу жолдорунда жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, кеп массасы 18 тоннадан ашык транспорт каражаттары тууралуу болуп жатат.   Тыюу жайдын аягына чейин эртең мененки саат 10дон кечки 8ге чейин +28 градустан жогору болгондо күчүндө болот. Бул чара… Кененирээк…

Кыргызстан жана Өзбекстан бийлиги чек арадагы жаңжалды бирге иликтейт

Кыргызстан жана Өзбекстан бийлиги чек арадагы жаңжалды бирге иликтейт. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, эки тарап чектеш аймактардагы чыңалууну азайтуу үчүн чараларды көрүү чечимин кабыл алды.   Күнөөлүүлөр аныкталып, жоопкерчиликке тартылат, — дешти министрлер кабинетинен.

Кыргыз-өзбек чек арасында жабыркагандардын саны өсүүдө

Кыргыз-өзбек чек арасында жабыркагандардын саны өсүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, медициналык жардамга 25 адам кайрылды. Төртөө учурда стационарда, экөө жандандыруу бөлүмүндө, дагы экөө хирургия бөлүмүндө дарыланып жатат.   Калган жабыркагандар биринчи медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө кое берилди.   Эске салсак, Кыргызстан жана Өзбекстан… Кененирээк…

Бишкекте келе жаткан дем алыш күндөрүндө аба-ырайы туруксуз болот

Бишкекте келе жаткан дем алыш күндөрүндө аба-ырайы туруксуз болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бирок жумага чейин абанын табы түшпөйт. Күндүз 35 градус болсо, түнкүсүн 20дан төмөндөбөйт. 6-июндан баштап, өзгөчө кечинде кыска мөөнөттүү нөшөрлөгөн жаан жаайт. Айрым жерлерде күн күркүрөйт. Метеорологдор белгилешкендей, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына… Кененирээк…

Бүгүнтөн тартып Европанын бир катар өлкөлөрүндө карантин жумшартылат

Бүгүнтөн тартып Европанын бир катар өлкөлөрүндө карантин жумшартылат. Улуу Британияда мектеп жана бала бакчалар иштеп, мелдештер өткөрүлө баштайт. Теле аркылуу футбол, теннис, унаа жарыштары көрсөтүлөт. Нидерланддар жана Финляндияда кафе, ресторан, музей жана кинотеатрлар ачылса, Норвегия изоляция эрежесин сактабастан, Түндүк Европага иш сапарына чыгууга уруксат берет.… Кененирээк…

Чет өлкөдөгү жарандарды мекенге кайтаруу уланууда

Чет өлкөдөгү жарандарды мекенге кайтаруу уланууда. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет. Маалыматка ылайык, 180 мекендеш Новосибирскиден жана 16сы Индиядан  алынып келинди. Учурда кайтып келгендердин баары тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды.