Кыргыз-өзбек чек арасында жабыркагандардын саны өсүүдө

Кыргыз-өзбек чек арасында жабыркагандардын саны өсүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, медициналык жардамга 25 адам кайрылды. Төртөө учурда стационарда, экөө жандандыруу бөлүмүндө, дагы экөө хирургия бөлүмүндө дарыланып жатат.

 

Калган жабыркагандар биринчи медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө кое берилди.

 

Эске салсак, Кыргызстан жана Өзбекстан жарандары ортосунда жаңжал кечээ катталды. Түшүнбөстүк Чечме айылындагы суу булагынан улам чыккан. Уруш мушташка айланып, эки өлкө тургундары бирин бири таш баранга алышкан.