Кыргызстандан Россияга бир нече аба каттамдар уюштурулат

Кыргызстандан Россияга бир нече аба каттамдар уюштурулат. Тизмени Россиянын Кыргызстандагы элчилиги жарыялады. Каттамдар 17-19-20 жана 21-июнда жүргүзүлөт. Бул аба жолдору Казань, Якутск жана Москва шаарларына уюштурулат. Каттамдар Россияга кирүүгө уруксаты бар жарандарга гана жеткиликтүү болот. Баардык маалыматтарды Бишкектеги элчиликтин сурап-билүү бөлүмүнөн, ал эми түштүк жергесинде жашагандар… Кененирээк…

Жергиликтүү депутаттык шайлоону жазгыга калтыруу сунушталууда

Жергиликтүү депутаттык шайлоону жазгыга калтыруу сунушталууда. Бул тууралуу Борбордук комиссиянын мүчөсү Гүлнара Журабаева 24 агенттигине билдирди. Токмок шаардык кеңештин башчысы  шайлоону 2021-жылдын жаз айларына жылдыруу өтүнүчү менен кат жазды. Журабаеванын айтымында, бир кеңештин ыйгарым укуктарын жасалма түрдө узартууга мыйзам жол бербейт. БШК эпидемиологиялык кырдаалга карата республикалык… Кененирээк…

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү арызын берди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү арызын берди. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында жарыяланды. Маалыматка ылайык, Абылгазиевдин мындай чечими радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу. Белгилеп кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев 30-өкмөт башчы. Ал 2018-жылдын 20-апрелинде кызматка дайындалган. Эми арызды кабыл алуу же четке кагуу… Кененирээк…