Жергиликтүү депутаттык шайлоону жазгыга калтыруу сунушталууда

Жергиликтүү депутаттык шайлоону жазгыга калтыруу сунушталууда.

Бул тууралуу Борбордук комиссиянын мүчөсү Гүлнара Журабаева 24 агенттигине билдирди.

Токмок шаардык кеңештин башчысы  шайлоону 2021-жылдын жаз айларына жылдыруу

өтүнүчү менен кат жазды. Журабаеванын айтымында, бир кеңештин ыйгарым укуктарын

жасалма түрдө узартууга мыйзам жол бербейт. БШК эпидемиологиялык кырдаалга карата

республикалык штабдын билдирүүсү менен жарыя чыгарып, жылдырышы мүмкүн.

Эске салсак, шайлоо 25 айылдык кеңешке белгиленип,

ага катышуу үчүн 22 саясий партия арыз калтырышкан.