Кийинки жылы өтүүчү “Оскар” кино сыйлыгын тапшыруу аземи февралдан апрелге жылды
Кийинки жылы өтүүчү “Оскар” кино сыйлыгын тапшыруу аземи февралдан апрелге жылды. Бул тууралуу америкалык кино академиясы жарыялайт. Мындай чечим коронавирус пандемиясынан улам кабыл алынды. Иш-чара 25-апрелде уюштурулат. “Оскарга” талапкерлердин тизмеси 15-мартта белгилүү болот.