Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү арызын берди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү арызын берди.

Бул тууралуу өкмөттүн сайтында жарыяланды. Маалыматка ылайык,

Абылгазиевдин мындай чечими радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер

аягына чыга электигине байланыштуу. Белгилеп кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев

30-өкмөт башчы. Ал 2018-жылдын 20-апрелинде кызматка дайындалган.

Эми арызды кабыл алуу же четке кагуу чечимин президент кабыл алат.