Тышкы карыздарды тейлөө боюнча төлөмдөрдүн бир бөлүгүн   2022-24-жылдарга жылдыруу пландалып жатат

Тышкы карыздарды тейлөө боюнча төлөмдөрдүн бир бөлүгүн   2022-24-жылдарга жылдыруу пландалып жатат. Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, бул олуттуу суроо болгондуктан, сүйлөшүүлөр үчүн көп убакыт талап кылынат.   Бүгүнкү күнгө карата насыя кайтарууну жылдыруу боюнча макулдашуу Париж кредиторлор клубу менен жетишилди.   Эске салсак, тышкы карызды… Кененирээк…

Бразилия соту президент Жаир Болсонаруну медициналык беткап тагынууга милдеттендирди

Бразилия соту президент Жаир Болсонаруну медициналык беткап тагынууга милдеттендирди. Чечим аткарылбаса, өлкө башчы 400 долларга жакын айыпка тартылат.   Президент Жаир Болсонарунун көчөгө беткапсыз, кол капсыз чыгып жүргөнү коомдук талкууга алынып, көптөгөн сындарды жараткан.

Бишкек мэриясы Тез жардам унааларын сатып алат

Бишкек мэриясы Тез жардам унааларын сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды. Ага ылайык, А классындагы 6 атайын унааны сатып алуу үчүн муниципалитет 14 миллион 739 миң сом бөлүп берет.   Техникалык талаптарга ылайык, унаалар 2020-жылы чыгарылган болушу керек.

Вирус боюнча ыкчам маалымат бере турган 118 кыска номуру эми күнү-түнү иштейт

Вирус боюнча ыкчам маалымат бере турган 118 кыска номуру эми күнү-түнү иштейт. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти.   Андан белгилешкендей, чалуу борборуна чет жактан келгендер, эпидемиологиялык абалы начар аймактардын тургундары, вирус жуктургандар менен байланышта болгондор жана дене табы жогорулап, дем алуусу начарлагандар кайрылышы керек.… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда катталган шамал мектептин жана үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда катталган шамал мектептин жана үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Каргалык айыл аймагындагы Мойдунов орто мектебинин жана 7 турак-жайдын шиферлери учту.   Андан тышкары, Тогуз-Торо айыл аймагындагы 9 үйдүн чатыры жабыркады. Учурда жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы… Кененирээк…