Бишкек мэриясы Тез жардам унааларын сатып алат

Бишкек мэриясы Тез жардам унааларын сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды. Ага ылайык, А классындагы 6 атайын унааны сатып алуу үчүн муниципалитет 14 миллион 739 миң сом бөлүп берет.

 

Техникалык талаптарга ылайык, унаалар 2020-жылы чыгарылган болушу керек.