Жалпы республикалык тестирлөөнүн экинчи баскычы башталды

Жалпы республикалык тестирлөөнүн экинчи баскычы башталды. ЖРТ үч баскыч менен өтөт.   Биринчиси 21-22-июнда өткөн. Тестирлөөгө түрдүү себептер менен мөөнөтүндө каттала албай калып, сынакка кирбей калгандар үчүнчү баскычта 11-12-июлда тапшыра алат.   Жыйынтык 13-19-июль аралыгында белгилүү болот. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, Жалпы республикалык тестирлөө… Кененирээк…

Ош шаарынын айланасындагы санитардык-карантиндик посттордо жарандарды текшерүү күчөтүлдү

Ош шаарынын айланасындагы санитардык-карантиндик посттордо жарандарды текшерүү күчөтүлдү. Бул тууралуу түштүк калаанын мэриясынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, өткөрүү түйүндөрдө шаарга кирип бара жаткандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми беткап режимин бузгандарга карата административдик чара көрүлүүдө.

Эртеңден тарта ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилип баштайт

Эртеңден тарта ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилип баштайт. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдиргендей, ссудалар банктар жана кичи кредиттик компаниялар аркылуу берилет.   Пайыздык чени жылына – 6дан 10го чейин. Насыя азык-түлүк коопсуздугу, жеке коргоочу каражаттарды чыгаруучу жана туризм, соода тармагындагы компанияларга берилет. Алынган сумманын жарымын ишкерлер буга… Кененирээк…

Сүлүктүдөгү шахтада төрт адам газга ууланып каза болду

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы «Кенчилер-Береке» шахтасында төрт адам газга ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, окуя 23-июнь күнү болгон.   «Кенчилер-Береке» шахтасында газ чыгып, кырсыктын кесепетинен үч эркек киши жана бир аял газга ууланып каза болгон. Алардын сөөгүн шахтадан ӨКМ… Кененирээк…

АКШ жылдын аягына чейин виза жана грин-кард берүүнү токтотот

АКШ жылдын аягына чейин виза жана грин-кард берүүнү токтотот. Документке президент Дональд Трамп кол койду.   Ак үй бул кадам америкалыктардын жумуш менен камсыздалышына көмөктөшүү жана коронавирустун кесепети тийген экономиканы кайра калыбына келтирүү үчүн жасалып жаткандыгын айтты. Бул чектөөлөр кийинки  жылы да уланышы мүмкүн. Тыюу… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканалардын курулушу жана оңдоо иштери боюнча пландары менен бөлүштү

Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканалардын курулушу жана оңдоо иштери боюнча пландары менен бөлүштү. Ведомство жетекчиси Сабиржан Абдикаримов билдиргендей, жакынкы арада 16 медицина жайында калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлөт.   Ошондой эле, зарылчылык жаралса, Ганси аскердик базасындагы чоң имарат оорукана катары өзгөртүлөт.   Ал эми Түштүк Корея каражатына… Кененирээк…

Кыргызстан өкмөтүнүн мүчөлөрү топтолуп түшкөн сүрөтү үчүн айыпка тартылды

Кыргызстан өкмөтүнүн мүчөлөрү топтолуп түшкөн сүрөтү үчүн айыпка тартылды. Сүрөт 18-июнда өкмөт үйүнүн алдында тартылган. Андан чиновниктердин беткапсыз, социалдык аралыкты сактабай турганын көрсө болот.   Өкмөт аппаратынын 124 кызматкери арасынан экөө гана медициналык беткап менен турат. Санэпидем көзөмөл кызматы премьер-министр, мурдагы өкмөт башчы жана башка… Кененирээк…

Кыргызстан бизнести өнүктүрүү үчүн донорлордон 138,5 миллион доллар алуу ниетинде

Кыргызстан бизнести өнүктүрүү үчүн донорлордон 138,5 миллион доллар алуу ниетинде. Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, бюджеттин киреше бөлүгү кыскаргандыктан тышкы булактардан каражат тартуу зарылчылыгы келип чыкты.   Бийлик ишкердүүлүктү бир нече долбоорлор менен колдоону пландап жатат. Анын ичинде гранттык жана насыя каражат алуу бар. Аларды… Кененирээк…

АКШнын тургунун чындыгында эң эле ийгиликтүү адам десе болот

АКШнын тургунун чындыгында эң эле ийгиликтүү адам десе болот. Эркек лотереядан 4 миллион долларлык утушка эки ирет ээ болду. Биринчи джекпотту ал 3 жыл мурда уткан.   Акчаны алып жаран жумуштан дароо кеткен болчу. Быйыл ал ушундай эле утушка дагы бир ирет ээ болду. Эркек… Кененирээк…

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттер онлайн режимде кабыл алынат

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттер онлайн режимде кабыл алынат.   Билим берүү министрлигинен эске салышкандай, болочок студенттер жалпы республикалык тестирлөө сертификатынын талондорун учурда иштелип жаткан атайын платформадан каттоодон өткөрүшү керек.   Эске салсак, университеттерге кабыл алуунун  биринчи туру 20-июлда старт алса, экинчиси 27синде, акыркысы   3-августта… Кененирээк…