Вирус боюнча ыкчам маалымат бере турган 118 кыска номуру эми күнү-түнү иштейт

Вирус боюнча ыкчам маалымат бере турган 118 кыска номуру эми күнү-түнү иштейт. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Андан белгилешкендей, чалуу борборуна чет жактан келгендер, эпидемиологиялык абалы начар аймактардын тургундары, вирус жуктургандар менен байланышта болгондор жана дене табы жогорулап, дем алуусу начарлагандар кайрылышы керек.

 

Белгилеп кетсек, аталган кызматка күнүнө 2 миңге чукул чалуу келип түшөт.