Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда катталган шамал мектептин жана үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда катталган шамал мектептин жана үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти.

 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Каргалык айыл аймагындагы Мойдунов орто мектебинин жана 7 турак-жайдын шиферлери учту.

 

Андан тышкары, Тогуз-Торо айыл аймагындагы 9 үйдүн чатыры жабыркады. Учурда жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы иштеп, келтирилген зыянды тактап жатат.