Жээнбеков Бишкекке кайтып келип анализ тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация 24-июнда Орусиянын Москва шаарынан кайтып келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

 

Санитардык-эпидемиологиялык алгоритмге ылайык, делегация мүчөлөрү коронавирус инфекциясына кайрадан анализ тапшырышты. Президент баш болуп алардын бардыгынын анализдери чыкканга чейин үч күн өз алдынча обочолонууда болушат. Анализинен илдет аныкталгандар 14 күн обочолонууга алынды.

24-июнда Москвада Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган майрамдык парад өттү.

 

Ага катышуу үчүн Бишкектен президент баштаган делегация жөнөп кеткен. Параддан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү планга ылайык өтүштү, бирок Жээнбеков ардактуу конок катары бул иш-чарага катышкан жок.

Себеби, Москвадан текшерилгенде президенттик аппараттын эл аралык бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана бир жансакчыдан коронавирус табылганы расмий айтылды.