Кыргызстанда унааны ортомчу аркылуу каттатууга тыюу салынды
Кыргызстанда унааны ортомчу аркылуу каттатууга тыюу салынды. Мамлекеттик каттоо кызматы унааны сатып алуу жана сатуунун эрежелерин жана аны каттатуу шарттарын өзгөрттү. Ведомстводон билдиришкендей, мындан ары транспортту каттатуу жана кайра каттоо иштери менен мүлктүн мыйзамдуу ээси же анын расмий өкүлү гана алектене алат.