Пенсионерлер жолдо жүрүү карталарын акимчиликтен жана аймактык муниципалдык башкармалыктан ала алышат

Пенсионерлер жолдо жүрүү карталарын акимчиликтен жана аймактык муниципалдык башкармалыктан ала алышат. Мэриядан билдиришкендей, картаны алууда санитардык талаптар сакталат. Аймактык муниципалдык башкармалык бир күндө 80ден ашык эмес пенсионерди кабыл алса, акимчиликте 50дөн көп эмес адамга берилип жатат. Бүгүнкү күнгө чейин 6 миңден ашык пенсионер жолдо жүрүү карталарына… Кененирээк…

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын мурдагы директору кармалды

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын мурдагы директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, былтыр «Тазалык» ишканасы тарабынан 84 миллион сомдон ашык суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттарды талон түрүндө сатылып алынып, материалдык жооптуу кызматкерлерге берилгендиги аныкталды. Тагыраагы, жыл ичинде 1 миллион сомдон ашык баадагы… Кененирээк…

Кыргызстанда кайрадан өзгөчө абал режими жарыяланбайт

Кыргызстанда кайрадан өзгөчө абал режими жарыяланбайт. Тиешелүү чечим республикалык штабдын отурумунда кабыл алынды. Бирок эпидемиологиялык кырдаал начарлап жатканына байланыштуу бир катар талаптар коюлду. Алсак, мамлекеттик органдардын кызматкерлери аралык иштеши керек. Адамдар топтоло турган базар, соода түйүндөрдө көзөмөл да күчөтүлөт.

Балыкчы — Каракол унаа жолун реконструкциялоо үчүн Араб өлкөлөрүнөн дээрлик насыя алынат

Балыкчы — Каракол унаа жолун реконструкциялоо үчүн Араб өлкөлөрүнөн дээрлик 116 миллион доллар насыя алынат. Кредиттик келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору парламентте каралды. Муну менен Корумдудан Балбай Баатыр айылына чейинки 80,5 чакырым жолду оңдоо пландалууда. Салына турган жол долбоор боюнча төрт тилке менен жүрүүгө ылайыкталган… Кененирээк…

Чүй облусунун Озерное айылында жаңы мектеп курулууда

Чүй облусунун Озерное айылында жаңы мектеп курулууда. Жалпы билим берүү мекемеси 375 окуучуга чакталат. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы суммасы 1,5 миллион долларды түзөт. Иштер Сауд өнүктүрүү фондунан насыяга алынган каражаттын эсебинен жүргүзүлүп жатат. Объектини куруу кийинки жылы аяктап калат. Белгилеп кетсек, Озерное айылындагы мектеп 52… Кененирээк…

Ордо калаадагы №3-төрөт үйү штаттык режимде иштеп жатат

Ордо калаадагы №3-төрөт үйү штаттык режимде иштеп жатат. Мэриядан билдиришкендей, медициналык мекеме карантинге жабылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Вирус аныкталган медицина кызматкерлери үй карантинине жөнөтүлдү. Кошумчаласак, соцтармактарда №3-төрөт үйү жабылды деген жалган маалыматтар тарап жатат.

Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө декларациялоо 2021-жылдын 1-январынан тарта башталат

Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт тарабынан “Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет. Мыйзам долбоорунун негизги максаты мүлктү жана кирешени мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу, декларациялануучу мүлктүн жана кирешенин кол тийбестигине, мүлктү жана кирешени… Кененирээк…

Бишкек жана Чүй облусунун бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт

Бишкек жана Чүй облусунун бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн саат кечки 5ке чейин Көк-Жар, Рухий-Мурас, Эне-Сай, Керемет конуштарында, Төкөлдөш, Жибек-Жолу, Чүй, Алма-Ата, Коммунаров, Талды-Суу, Абдрахманов көчөлөрүндө жана Аламедин, Кайырма, Төмөнкү Ала-Арча, Жаңы-Пахта, Жаңы-Жер, Военно-Антоновка, Сокулук, Асылбаш, Кызыл-Дыйкан, Беловодск, Чалдовар айылдарында электр… Кененирээк…

Ат-Башы районундагы мектептерде 856 миң сомго оңдоп-түзөө иштери башталды

Ат-Башы районундагы мектептерде 856 миң сомго оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти. Учурда Өзгөрүш айылындагы мектепте иштер бүттү, калган 20 билим берүү мекемесинде оңдоп-түзөө уланып жатат. Жумуштарды 20-августка чейин бүтүрүү пландалууда. Белгилеп кетсек, тендер жарыялангандан кийин каражат мындан да азайышы мүмкүн.… Кененирээк…

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын жетекчилигине айып салынды

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын жетекчилигине айып салынды. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, мындай чара Аалы Токомбаев көчөсүнүн дал ортосундагы чуңкурга карата көрүлдү. Түнкүсүн унаалар жабыркап калбашы үчүн милиция кызматкерлери жараксыз жерди эки тарабынан тозушкан. Ага ылайык, эми мыйзам бузган юридикалык тарап 17 миң… Кененирээк…