Парламент  «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды кабыл алды

Парламент  «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды кабыл алды.

Аталган документ бүгүн бир эле учурда экинчи жана үчүнчү окууда каралып,

добуш берилди. Натыйжада 79 депутат «макул», 10 эл өкүлү «каршы» болду.

Аталган мыйзам долбоору 9 беренеден турат. Анда интернет колдонуучуларынын, сайт ээлеринин жана

провайдерлердин милдеттери тууралуу жазылган. Демилгечилердин айтымында, фейк-аккаунттар өчүрүлүп,

ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле мамлекеттик органдар

жоопко тарта алат. Бирок муну менен кайсы орган алектенери так көрсөтүлгөн эмес.

Негизги максаты интернет аркылуу кимдир бирөөгө жалаа жапкан жана ар-намысына

шек келтирген маалыматтардын таралышына бөгөт коюу экенин айтышат.