Карантин режими киргизилгенден тартып Кыргызстанга Россиядан 15 миңден ашык жаран жеткирилди

Карантин режими киргизилгенден тартып Кыргызстанга Россиядан 15 миңден ашык жаран жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 20-марттан 5-июлга чейинки аралыкта 58 ирет чартердик каттам уюштурулду. Муну менен Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларындагы кыргызстандыктар Бишкекке жана Ошко алынып келинди. Андан тышкары Оренбург жана Самара облустарынан 52… Кененирээк…

Республиканын 40 районунда күндүзгү стационарлар ачылат

Республиканын 40 районунда коронавирус жана пневмония менен ооругандар үчүн күндүзгү стационарлар ачылат. Премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, стационарлар эртеңкиге чейин 200 орундан кем эмес болуп, пайдаланууга берилиши керек. Учурда Бишкектин төрт районунда күндүзгү стационарлар иштеп жатат. Анда кеп-кеңештер жана медициналык кызматтар көрсөтүлүүдө. Жалпысынан аларда 550 орун… Кененирээк…

Препараттардын баасын негизсиз жогорулаткан фарм-компаниялардын жетекчилерине сотко чейинки териштирүү жүргүзүлүүдө

Препараттардын баасын негизсиз жогорулаткан фарм-компаниялардын жетекчилерине сотко чейинки териштирүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, дары ташыган ири фарм-компаниялар бааны негизсиз жогорулатып жана жасалма түрдө дефицит жаратуу учурлары иликтенүүдө. Муну менен катар каржы полициясы мыйзам бузган дарыканалардын аталышын… Кененирээк…

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын дагы 6 бөлүмү жабылды

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын дагы 6 бөлүмү жабылды. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, Нарын, Сүлүктү, Балыкчы, Каракол, Кочкор жана Жумгалдагы бөлүмдөр 19-июлга чейин карантинге жабылды. Мындан тышкары, Бишкек шаардык бөлүмүнүн Аймактар аралык секторунун  иш күндөрү кыскартылып, ал ишемби, жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү гана иштейт. Эске салсак, буга… Кененирээк…

Кыргызстанга жакынкы аралыкта бир катар чартердик каттамдар келет

Кыргызстанга жакынкы аралыкта бир катар чартердик каттамдар келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нурлан Ниязалиев билдирет. Анын айтымында, учактар Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Стамбул, Дубай жана Минск шаарынан жөнөтүлөт. Учурда  дүйнөнүн 57 өлкөсүнөн 8 миңге жакын мекендеш өлкөгө кайтуу арызы менен кайрылды.… Кененирээк…

Нарын облусунда таза суу долбоору ишке ашат

Нарын облусунда таза суу долбоору ишке ашат. Макулдашууну ратификациялоо мыйзамына президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу өлкө башчы аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, долбоорду ишке ашырууга Азия өнүктүрүү банкы 32 миллион 900 миң доллар берет. Каражаттын жарымы грант, калганы насыя катары. Карызды… Кененирээк…

Кара-Көл шаарында жаңы карантиндик чектөөлөр киргизилди

Кара-Көл шаарында жаңы карантиндик чектөөлөр киргизилди. Калаа мэриясынан билдиришкендей, кечээтен тартып кечки саат 8ден кийин көчөдө жүрүүгө болбойт. Буга байланыштуу аталган мөөнөттөн тартып дүкөн жана кафелер жабылат. Кыймылга киргизилген чектөөлөр 15 күнгө чейин күчүндө болот.

Республиканын аймактары бардык зарыл препараттар менен камсыздалышы керек

Республиканын аймактары бардык зарыл препараттар менен камсыздалышы керек. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов берди. Анын айтымында, дээрлик бардык айылдарда фельдшердик-акушердик түйүндөр бар. Алардын көпчүлүгүндө дары-дармектин жетишсиздиги байкалууда. Дефицит жаралган учурда аймактын жетекчилери Дары-дармектер менен камсыздоо департаментине кайрылууга тийиш. Ошондой эле мыйзам чегинде өз алдынча дары-дармектерди… Кененирээк…

Бир катар судья мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду

Өлкөдө төрт жергиликтүү судья Жогорку соттун судьялыгына шайлангандыгына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Белгилей кетсек, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү айрым соттор жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Ош шаардык сотунун судьясы Нурланбек Атаназаров, Бишкек шаарынын Свердлов районунун судьясы… Кененирээк…

Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар

Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, суунун көтөрүлүшүнө тоолордо кардын ээригени жана нөшөрлөп жааган жаан себеп болушу мүмкүн.   Андан тышкары, дарыяларда суунун деңгээли дагы көтөрүлөт. Айдоочуларга этият болуу сунушталат.