Кара-Көл шаарында жаңы карантиндик чектөөлөр киргизилди.
Калаа мэриясынан билдиришкендей, кечээтен тартып кечки саат 8ден кийин
көчөдө жүрүүгө болбойт. Буга байланыштуу аталган мөөнөттөн тартып дүкөн жана
кафелер жабылат. Кыймылга киргизилген чектөөлөр 15 күнгө чейин күчүндө болот.