Россияда коронавируска каршы вакцина 15-августта пайдаланууга чыгышы күтүлүүдө

Россияда коронавируска каршы вакцина 15-августта пайдаланууга чыгышы күтүлүүдө.   РИА Новостинин маалыматына ылайык, Препарат улуттук эпидемиология жана микробиология илимий-изилдөө борборунда жасалып, Сеченов университети менен Бурденко атындагы аскердик госпиталындагы ыктыярчыларга сыналып жатат.   Жыйынтыктары жакшы. Бейтаптар ооруканадан чыгарылууда.

Кыргызстандын башка мамлекеттердеги расмий өкүлдөрү дайындалды

Кыргызстандын башка мамлекеттердеги расмий өкүлдөрү дайындалды. Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Нурлан Абдрахманов Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды.   Дагы бир жарлык менен Эрлан Абдылдаев биздин өлкөнүн Германиядагы элчиси болду. Эске салсак, буга чейин ал Тышкы иштер министрлигин жетектеп келген.

Баткенде сел жүрдү

Баткенде сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы башчысынын орун басары Асылбек Ысманов билдирди. Анын айтымында, 12-13-июлда жүргөн сел Кыштут айылында жолдорду, арыктарды, көпүрөнү жууп кетти.   Ошондой эле сел үйлөргө кирип, айылдыктарга электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады.   Баткен шаарында жүргөн сел… Кененирээк…

Шотландияда бүтүндөй арал сатылууда

Шотландияда бүтүндөй арал сатылууда. Анын жалпы аянты 42 гектар. Анда анча чоң эмес жыгач үй бар. Бирок аны оңдоп-түздөп алуу керек. Объектинин баасы 630 миң доллар.   20 жылдан бери адамдын буту баспаган аралга кайык менен гана жетсе болот. Демек, бул арал башкалардан оолак болууну… Кененирээк…

Кыргызстанда 97 окуучу альтернативалык олимпиаданын жеңүүчүсү деп аталды

Кыргызстанда 97 окуучу альтернативалык олимпиаданын жеңүүчүсү деп аталды. Билим берүү министрлиги артыкчылыкка ээ болгон окуучуларга атайын сертификат ыйгарат.   Олимпиаданын башкы максаты – эл аралык сынактарга катышуу үчүн мыкты окуучуларды тандоо.

Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү

Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти.   Анда COVID-19ду аныктоочу тест-системалардын бир нече партиясы бар. 80 миң 720 изилдөө жүргүзүү үчүн 820 ПЦР тест-системасынын топтому жана 24 миң изилдөө үчүн толук эмес 480 топтом жеткирилди.