Шотландияда бүтүндөй арал сатылууда. Анын жалпы аянты 42 гектар. Анда анча чоң эмес жыгач үй бар. Бирок аны оңдоп-түздөп алуу керек. Объектинин баасы 630 миң доллар.
20 жылдан бери адамдын буту баспаган аралга кайык менен гана жетсе болот. Демек, бул арал башкалардан оолак болууну каалагандар үчүн мыкты жер.