Евробирикме Кыргызстанга республикалык бюджетти колдоого 24 миллион 800 миң евро бөлүп берди
Евробирикме Кыргызстанга республикалык бюджетти колдоого 24 миллион 800 миң евро бөлүп берди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Андан белгилешкендей, каражат пандемиянын социалдык-экномикалык кесепеттерин жумшартууга жана бюджет дефицитин жоюуга жумшалат. Тактап айтканда, грант медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин айлыгыктарын жана пособия, пенсияларды берүүгө багытталышы керек.