Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти.
Анда COVID-19ду аныктоочу тест-системалардын бир нече партиясы бар. 80 миң 720 изилдөө жүргүзүү үчүн 820 ПЦР тест-системасынын топтому жана 24 миң изилдөө үчүн толук эмес 480 топтом жеткирилди.