Баткенде сел жүрдү

Баткенде сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы башчысынын орун басары Асылбек Ысманов билдирди. Анын айтымында, 12-13-июлда жүргөн сел Кыштут айылында жолдорду, арыктарды, көпүрөнү жууп кетти.

 

Ошондой эле сел үйлөргө кирип, айылдыктарга электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады.

 

Баткен шаарында жүргөн сел бир унааны агызды. Бактыга жараша, анда жүргүнчүлөр жок болчу. Жерине бир нече куткаруучу тартылды. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.