Бишкектин 4 районунда жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу иштери уланууда

Бишкектин 4 районунда жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу иштери уланууда. Биринчи май районундагы борбор «Тазалык» муниципалдык ишканасынын базасында ачылды. Свердлов районундагы борбор Дордой конушундагы №94-мектепте. Октябрь районундагы борбор Байтик баатыр көчөсүнүн №17-даректеги райондук администрацияда. Ленин районунда Интергельпо көчөсүндөгү №57-мектепте. Эске салсак, биометрикалык маалыматтарды топтоо иштери 24-августтан… Кененирээк…

Боршайком парламенттик шайлоого катышууга талапкерлердин тизмесин каттоону токтотту

Боршайком парламенттик шайлоого катышууга талапкерлердин тизмесин каттоону токтотту. Жогорку Кеңешке орундар үчүн 15 партия ат салышат. Бүгүн шайлоого карата үгүт иштери старт алды. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, саясий партиялардын үгүт кампаниясы 2-октябрда токтотулат. 3-октябрда “тынчтык күнү” болот.  Эске салсак, өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленди.

Алимбек Абдылдаев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды

Алимбек Абдылдаев Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча мэринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду. Абдылдаев буга чейин «Бишкек жарыктандыруу» муниципалдык ишканасын жетектеп келген.

Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунун оңдоп-түзөө иштери аяктады

Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунун оңдоп-түзөө иштери аяктады. Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, медициналык мекеме 100 орунга эсептелди. Бүгүнкү күнгө карата объектиде эшик-терезелер, канализация системасы, таза суу жана жылуулук берүү тармагы толугу менен жаңыртылды. Жумуштарга мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллион сом… Кененирээк…

Кыргызстанда дин ишмерлери шайлоо иштерине аралашууга тыюу салынды

Кыргызстанда дин ишмерлери шайлоо иштерине аралашууга тыюу салынды. Мындай токтом Мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан кабыл алынды. Ага ылайык, мечиттерде, медреселерде шайлоого үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Ошондой эле дин ишмерлери, имамдар да саясий абалга кийлигишип, кайсы бир партиянын жана талапкерлердин пайдасына иштөөсүнө уруксат жок. муфтият… Кененирээк…