Дүйнөдөгү эң бай аял аталды

Дүйнөдөгү эң бай аял аталды. Ал Amazon корпорациясынын жетекчиси Жефф Безостун мурдагы жубайы. Анын байлыгы 68 миллиард долларга жеткенин Bloomberg агенттиги билдирет. Андан кийинки орунга 66 миллиард 800 миллион доллар менен L»Oreal компаниясынын ээси Франсуаза Беттанкур-Майерс жайгашат. Ал эми дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарында Безостун… Кененирээк…

Лионель Месси «Барселона» клубунда келишимдин аягына чейин калуу ниетинде

Лионель Месси «Барселона» клубунда келишимдин аягына чейин калуу ниетинде. Бул маалыматты футболчунун атасы Хорхе тастыктады. Аргентиналык оюнчу менен каталондук клубдун ортосундагы келишим 2021-жылга чейин түзүлгөн. Месси «Барселона» УЕФАнын Чемпиондор лигасынын чейрек финалында «Бавария» клубунан ири эсепте утулуп, мелдештен четтегенден кийин командадан кетүү чечимин кабыл алганын жар… Кененирээк…

Ош шаарындагы Уркуя Салиева көчөсү калыбына келтирилет

Ош шаарындагы Уркуя Салиева көчөсү калыбына келтирилет. Бул тууралу мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров novosti.kgге билдирди. Анын айтымында, калаанын Манас-Ата кичирайонунда жайгашкан тилкени оңдоп-түзөө жумуштары 2021-жылы башталат. Учурда көчөдөгү мыйзамсыз курулуштар алынууда. Эскиздик долбоору каралып жатат, мындан кийин курулушка канча акча сарпталары белгилүү болот.

Билим берүү министрлиги өлкө мектептерине компьютер сатып алат

Билим берүү министрлиги өлкө мектептерине компьютер сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат. Ведомство 700 жабдуу сатып алууну пландап жатат. Бул максатка дээрлик 24 миллион сом сарпталат. Талапка ылайык, жеткирүүчү ишкана 3 жылга кепилдик берип, техниканын  топтомундагы жабдуулары жаңы болушу керек. Кошумчаласак, министрлик… Кененирээк…

Ысык-Көл районунда сел жүрдү

Ысык-Көл районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ Ананьево айыл аймагында катуу жааган жаандан улам Көк-Дөбө айылында сел жүрүп, 4 турак үйдүн короосун суу каптады. Тазалоо иштерине өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү тургундардан 5 киши жана… Кененирээк…

Балдардын жашоосуна эң жагымдуу өлкөлөр аталды

Балдардын жашоосуна эң жагымдуу өлкөлөр аталды. Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду түзгөн рейтингинде Нидерланддар биринчи сапка чыкты. Дания экинчи катарга жайгашса, Норвегия үчүнчү орунду ээледи. Швейцария жана Финляндия төртүнчү жана бешинчи сапка жайгашты. Фонддун иликтөөсүндө төмөнкү көрсөткүч Түркияга таандык. Бул өлкөдө жашоого канааттанган балдар 53… Кененирээк…

Бишкек – Кара-Балта унаа жолун оңдоо иштерин ушул жылы аягына чыгаруу пландалууда

Бишкек – Кара-Балта унаа жолун оңдоо иштерин ушул жылы аягына чыгаруу пландалууда. Унаа жана жолдор министрлигинен 24 агенттигине билдиришкендей, трассаны оңдоо иштери учурда Сокулук районунда жана Романовка айылында жүрүп жатат. Аталган тилкелерге асфальт төшөлүп, курулушка даярдык көрүлүп, жер тегизделүүдө. Долбоорду кытайлык компания ишке ашырууда. Белгилеп… Кененирээк…

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын директорунун жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын директорунун жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришкендей, кылмышка шектүү жаранга эмгек келишимдеринин мөөнөтүн тоскоолдуксуз узартып берүү үчүн акча талап кылган. Кызматкер кечээ иш бөлмөсүндө 2 миң доллар алып жаткан жеринен колго түштү. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган… Кененирээк…

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот. “Түндүк электр” ишканасынан билдирикендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Табалдиев, Кудайбергенов, Чыңгыз Айтматов, Кийизбаев, Наманган, Адыр, Карадарыя, Скрябин, Шүкүров жана Матросов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Ак-Босого, Көлмө, Арча-Бешик конуштарынын айрым тилкелеринде электр энергиясы берилбейт. Убактылуу чектөө реонттук иштерге байланыштуу.

Таласта төө буурчактын баасы жылдагыдан кымбат болууда

Таласта төө буурчактын баасы жылдагыдан кымбат болууда. Аймактын агрардык өнүктүрүү секторунан билдиришкендей, жылына бир килограммы 50 сомдон башталса, быйыл ал 65 сомго чыкты. Ушул жылы облус боюнча 59 миң 118 гектар төө буурчак айдалган. Бул былтыркыга салыштырмалуу миң гектарга көп. Учурда түшүмдү жыйноо иштери кызуу… Кененирээк…