Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунун оңдоп-түзөө иштери аяктады.
Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, медициналык мекеме 100 орунга эсептелди.
Бүгүнкү күнгө карата объектиде эшик-терезелер, канализация системасы, таза суу жана жылуулук берүү тармагы
толугу менен жаңыртылды. Жумуштарга мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллион сом жана «Аймактарды өнүктүрүү
боюнча социалдык өнөктөш фондунун эсебинен 10 миллион сом бөлүнүп берилген.