Алдамчылар чек аралардын ачылышы тууралуу жалган маалымат таратышууда

Алдамчылар чек аралардын ачылышы тууралуу жалган маалымат таратышууда. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, такси жана автобус айдоочулары акча табуу максатында мигранттарды алдап жатышат. Алсак, 22 Кыргызстан жарандары Кубанычбек Жээнкулов аттуу адамдан жабыр тартышты. Ал 7 миң рубль менен эле өлкөгө жеткирем деп убада берген. Көз боемоочу… Кененирээк…

WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болду

WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болду. Жаңычылдыктын өзгөчөлүгү – видео жана GIF-файлдарды жөнөткөндөн кийин, колдонуучу чаттан чыгып кеткенде жок болуп кетет. Ага таймер коюга да мүмкүн эмес. Мындан тышкары, өчүрүү тууралуу билдирүү же кандайдыр бир белги калбайт. Мындай мүмкүнчүлүк адамдар башка көздөрдөн оолак кармагысы келген… Кененирээк…

Кыргызстанда ай сайын кошумча каражат алуучулардын саны 40 миң 600 адамды түздү

Кыргызстанда ай сайын кошумча каражат алуучулардын саны 40 миң 600 адамды түздү. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, бул көрсөткүч ушул айга карата түзүлдү. Маалыматка караганда, кошумча акынын көлөмү 1 миң 700 сомду түзөт. Льготанын ордуна каралган акчалар 25 категориядагы жарандарга берилет. Бул максатта мамлекеттик… Кененирээк…

Сузак районунда 5 кабаттуу жугуштуу оорулар бөлүмү ачылды

Сузак районунда 5 кабаттуу жугуштуу оорулар бөлүмү ачылды. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, медициналык мекеме жергиликтүү калк жана демөөрчүлөр тарабынан оңдоп-түзөлдү. Имараттын эшик, терезе жана чатыры жаңыртылып, электромонтаждоо жумуштары аткарылды. Жалпысынан 15 миллион сомдук жумуштар жүргүзүлдү. Объекти мурда билим берүү мекемеси болчу. Белгилеп кетсек, аталган ооруканада коронавирус… Кененирээк…

Россия чек арасында кармалып турган кыргызстандыктар эки этап менен өлкөгө жеткирилет

Россия чек арасында кармалып турган кыргызстандыктар эки этап менен өлкөгө жеткирилет. Бул үчүн Казакстан жашыл коридор ачып берүүгө макулдугун берди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, транзиттик коридор 24-25-сентябрда уюштурулат. Кыргызстандыктар автобустар менен алынып келинет. Учурда эки өлкө өкүлдөрү мекендештерди Россия — Казакстан чек арасынан алып өтүүгө… Кененирээк…

Бишкекте салык кызматынын бөлүм башчысы кармалды

Салык кызматынын бөлүм башчысы мамлекеттик бюджетке ири суммада зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Ленин райондук башкармалыгынын бөлүм башчысы салык органынын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, бир жаранга мыйзамсыз негизде патент бергени аныкталды. Бирок ал адам… Кененирээк…

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына жана колледждерине 98 миңден ашык абитуриент кабыл алынды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына жана колледждерине 98 миңден ашык абитуриент кабыл алынды. Билим берүү министрлигинен эске салышкандай, быйыл кабыл алуу онлайн форматта өттү.   Муну менен талапкерлер арасында бирдей шарт түзүлүп, сынактардын жүрүшүнө жана жыйынтыгына таасир тийгизе турган коррупциялык көрүнүштөр жоюлду.

Ошто милициянын кайгуул кызматына талапкерлерди кабыл алуу уланууда

Ошто милициянын кайгуул кызматына талапкерлерди кабыл алуу уланууда. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, биринчи турдан өткөн 129 адам учурда окутуудан өтүп жатат.   17-сентябрдан тарта экинчи турдун алкагында 90 бош орунга документтерди кабыл алуу башталды. Планга ылайык, Ошто кайгуул кызматы декабрь айында пайда болот.

Шайлоолордо бюллетенди сүрөткө тартуу үчүн жаза каралат

Шайлоолордо бюллетенди сүрөткө тартуу үчүн жаза каралат.   novosti.kgге Боршайкомдун укук бөлүмүнүн башчысы Адилет Шаршеналы уулу билдиргендей, бюллетенди сүрөткө тартуу добуш берүү сырын ачыкка чыгарат.   Андыктан, мындай фактылар катталса, тартип бузган адам коомдук жумуштарга тартылат же 2,5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Андан тышкары, 180… Кененирээк…

“Евровидение” музыкалык сынагына 4 сценарий даярдалууда

“Евровидение” музыкалык сынагына 4 сценарий даярдалууда. Анын биринчиси кадимки салттуу форматта болсо, экөө бир катар чектөөлөрдү камтыйт. Ал эми төртүнчүсү боюнча, кийинки “Евровидение” көрүүчүлөрү жана катышуучулары жок өтөт.   Тагыраак айтканда, ар бир катышуучу өз өлкөсүндө ыр жаздырат. Эгер Нидерландыда жаңы карантин жарыяланса, дал ушул… Кененирээк…