“Евровидение” музыкалык сынагына 4 сценарий даярдалууда

“Евровидение” музыкалык сынагына 4 сценарий даярдалууда. Анын биринчиси кадимки салттуу форматта болсо, экөө бир катар чектөөлөрдү камтыйт. Ал эми төртүнчүсү боюнча, кийинки “Евровидение” көрүүчүлөрү жана катышуучулары жок өтөт.

 

Тагыраак айтканда, ар бир катышуучу өз өлкөсүндө ыр жаздырат. Эгер Нидерландыда жаңы карантин жарыяланса, дал ушул төртүнчү вариант кабыл алынат. Эске салсак, мартка белгиленген “Евровидение” коронавирустан өткөрулбөй калган.