Россия чек арасында кармалып турган кыргызстандыктар эки этап менен өлкөгө жеткирилет.
Бул үчүн Казакстан жашыл коридор ачып берүүгө макулдугун берди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей,
транзиттик коридор 24-25-сентябрда уюштурулат. Кыргызстандыктар автобустар менен алынып келинет.
Учурда эки өлкө өкүлдөрү мекендештерди Россия — Казакстан чек арасынан алып өтүүгө даярдык көрүшүүдө.
Эске салсак, Россия чек арасында 3 миң 200дөн ашык мекендештер кармалып турат.