Нарындагы инфекциялык оорукананын курулушу 50 пайызга аяктады

Нарындагы инфекциялык оорукананын курулушу 50 пайызга аяктады. Турмуштун маалыматына ылайык, имарат 70 орунга чакталат. Медициналык жай жеңил конструкциялардан салынып, Нарындын аба-ырайынын шарттары эске алынууда.   Эске салсак, оорукунанын курулушу ушул жылдын августунда башталган.

Партиялардан акча алган 5 жаран жоопкерчиликке тартылды

Партиялардан акча алган 5 жаран жоопкерчиликке тартылды.   Генералдык прокуратуранын маалыматына ылайык, мындай бузуу үчүн 1 миң сомдон 5 минге чейин айып каралган. Бирок добуш берүүчү партиялардан акча же башка баалуу буюм алганын мойнуна алса, жоопкерчиликтен бошотулат. Башкы көзөмөлдөөчү орган башка арыздар боюнча дагы фактыларды… Кененирээк…

Өкмөт кийинки жылга бюджеттеги чыгашаларды кыскартууну караштырып жатат

Өкмөт кийинки жылга бюджеттеги чыгашаларды кыскартууну караштырып жатат. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, 2020-жылы киреше күтулгөндөй болгон жок.   Мунун айынан бюджет дефицити 7 миллиард сомго чейин жетиши мүмкүн.   Андыктан, каражат эң зарыл иш-чараларга гана багытталат. Анын ичинде коммерциялык банктарга пайыздары субсидиялоо, аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү,… Кененирээк…

Талас райондук үй бүлөлүк медицина борборунун капиталдык оңдоп-түзөө иштери аягына чыгып калды

Талас райондук үй бүлөлүк медицина борборунун капиталдык оңдоп-түзөө иштери аягына чыгып калды. Курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, жумуштардын басымдуу бөлүгү жыйынтыкталды. Учурда ички жасалгалоо иштери аткарылууда. Мекемени калыбына келтирүү былтыр августта башталган. Долбоорго “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” тарабынан 44 миллион сом бөлүнүп берилген.

Быйыл бирдиктүү форма боюнча талап коюлбайт

Быйыл бирдиктүү форма боюнча талап коюлбайт. Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдиргендей, мындай чечим өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелерине тиешелүү. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу, менчик түрүнө карабастан бардык мектептер тиешелүү буйрукту аткарууга тийиш.

Кыргызстанда суу тартыштыгы бир нече жылга созулат

Кыргызстанда суу тартыштыгы бир нече жылга созулат. Премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында дээрлик 15 миллиард кубометр нымдуулук бар. Өкмөт башчы белгилегендей, 2021-жылы суунун көлөмү мындан да азайышы ыктымал. Мындан улам. бийлик көмүр, газ жана мазуттун запасын жетиштүү деңгээлде камсыздашы керек. Каражат… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 104 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 104 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, сакайгандардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында. Ушуну менен өлкө боюнча короновирус жана пневмониядан сакайгандардын жалпы саны 42 миң 983 адамды түздү.

Telegram каналында жаңы функция пайда болду

Telegram каналында жаңы функция пайда болду. Мессенджердин негиздөөчүсү Павел Дуров билдиргендей, эми анда комментарий, ой-пикир калтырса болот. Ал үчүн тиркемени жаңылоо керек. Комментарийлер чатка окшош болот, тагыраагы, бардык калтырылган жазуулар кайсы бир каналга тиркелет. Аны менен кошо үн билдирүүлөрдү, GIF сүрөттөрдү да жиберүүгө болот. Ошондой… Кененирээк…

Бишкектеги “Кайыңды” конушунда бала бакча пайда болду

Бишкектеги “Кайыңды” конушунда бала бакча пайда болду. Мэриядан билдиришкендей, курулуштун жалпы аянты 155 чарчы метрди түзөт. Имарат бир кабаттуу, анда ойноочу жана уктоочу бөлмөлөр, музыкалык зал, ашкана каралды. Бардык коммуникациялар туташтырылды. Долбоорго 6 миллион 700 миң сом каралган. Каражат шаардык бюджеттен бөлүндү.

Талас облусундагы Теодор Герцен атындагы көркөм сүрөт музейин Маданият министрлиги карамагына алуу пландап жатат

Талас облусундагы Теодор Герцен атындагы көркөм сүрөт музейин Маданият министрлиги карамагына алуу пландап жатат. Ведомстводон билдиришкендей, министр Азамат Жаманкулов жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү ортосунда музейдеги экспонаттарды сактоо жана эффективдүү пайдалануу маселеси талкууланды. Кошумчаласак, музей экспонаттарга бай, анын ичинде тарыхый казууларда табылган буюмдар да бар.… Кененирээк…