Telegram каналында жаңы функция пайда болду

Telegram каналында жаңы функция пайда болду.

Мессенджердин негиздөөчүсү Павел Дуров билдиргендей, эми анда комментарий,

ой-пикир калтырса болот. Ал үчүн тиркемени жаңылоо керек. Комментарийлер чатка окшош болот,

тагыраагы, бардык калтырылган жазуулар кайсы бир каналга тиркелет.

Аны менен кошо үн билдирүүлөрдү, GIF сүрөттөрдү да жиберүүгө болот.

Ошондой эле каналдын администратору тиешелүү чектөөлөрдү киргизе алат.