Бишкектеги “Кайыңды” конушунда бала бакча пайда болду

Бишкектеги “Кайыңды” конушунда бала бакча пайда болду.

Мэриядан билдиришкендей, курулуштун жалпы аянты 155 чарчы метрди түзөт.

Имарат бир кабаттуу, анда ойноочу жана уктоочу бөлмөлөр, музыкалык зал, ашкана каралды.

Бардык коммуникациялар туташтырылды. Долбоорго 6 миллион 700 миң сом каралган.

Каражат шаардык бюджеттен бөлүндү.