Башаламандыктарда жабыркагандардын арасында коронавирус менен ооругандар жок

Башаламандыктарда жабыркагандардын арасында коронавирус менен ооругандар жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Сабиржан Абдикаримов билдирди.   Анын айтымында, ар бир ооруканада атайын жабдуулар бар, аларга түшкөн бейтаптардын бардыгынын дене табы текшерилет. Учурга карата жабыркагандардын арасында ковид менен ооругандар катталган жок.   Эске салсак,… Кененирээк…

Кыргызстандын өкмөтү ишине кайтты

Кыргызстандын өкмөтү ишине кайтты. Аппараттын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев  жыйын өткөрүп, жылуулук сезонун баштоо суроосун жана эпидемиологиялык абалды талкуулашты.   Белгилеп кетүүчү нерсе, бардык мамлекеттик органдар өлкөдөгү оор абалга карабай иштеп жатат. Бардык тиешелүү түзүмдөрдүн жетекчилерине кызматтарын таштабай, күчөтүлгөн тартипте иштөө тапшырмасы берилди.

Бажы кызматы кадимки режимде ишин улантты

Бажы кызматы кадимки режимде ишин улантты. Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, товарларды бажылык декларациялоо жанданды. Товарларды жана унаа каражаттарын бажылык каттоо штаттык тартипте жүргүзүлүп жатат.   Эске салсак, кечээ банктар иштебей калгандыктан, товарларды бажылык декларациялоо дагы убактылуу токтотулган.

Коммерциялык банктар кайра иштеп баштаса болот

Коммерциялык банктар кайра иштеп баштаса болот. Бирок айрым чектөөлөр менен, — дешти Улуттук банктан. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, бүгүнтөн тарта комбанктар пенсияларды, айлыктарды, пособиелерди берүү үчүн ишин жандантат.   Бирок коопсуздук максатында аларга таңкы саат 9дан күндүзгү 3кө чейин гана иштөө сунушу берилди.

Бишкекте түн тынч өттү

Бишкекте түн тынч өттү. Бул тууралуу ордо калаа ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Милиция кызматкерлери элдик кошуундун мүчөлөрү менен бирге коомдук коопсуздукту камсыздап, жеке жана мамлекеттик имараттарды коргошту.   ъЖалпысынан, шаарда ыктыярчылардын 12 штабы түзүлдү. Аларга кошулган адамдардын саны 50 минден ашат.   Ала-Тоо аянтында митингчилер… Кененирээк…

Бишкектеги башаламандыктардан 469 милиция кызматкери жабыркады

Бишкектеги башаламандыктардан 469 милиция кызматкери жабыркады. Бул тууралуу убактылуу Ички иштер министри жана Бишкектин коменданты Курсан Асанов жарыялады.   Анын айтымында, учурда 52 тартип сакчы ар кандай жарааттар менен госпиталда дарыланууда. Эске салсак, 6-октябрга караган түнү Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын митинги массалык башаламандыкка… Кененирээк…

Дүйнө жүзү боюнча сентябрь айы 30 жылдан берки эң жылуу ай болуп калды

Дүйнө жүзү боюнча сентябрь айы 30 жылдан берки эң жылуу ай болуп калды. Бул тууралуу Климаттын өзгөрүү суроолору боюнча Евробирикме кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, 2019-жылга салыштырмалуу, быйылкы сентябрь жарым градуска жылуу болду. Адистер белгилешкендей, жалпы жылдын көрсөткүчү дагы  буга чейинкиге караганда ысыгыраак болгон.

Педагогикалык багыттагы студенттердин стипендиялары 2 эсе көтөрүлдү

Педагогикалык багыттагы студенттердин стипендиялары 2 эсе көтөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, чечим өкмөт тарабынан мектеп бүтүрүүчүлөрү арасында педагогикалык адистикти абройлуу кылуу максатында кабыл алынды.   Ага ылайык, аталган багытта билим алып жаткан студенттердин стипендиясы 1-сентябрдан тарта көбөйтүлдү.   Эми университеттерде окугандар… Кененирээк…

Улуттук банк улуттук жана эл аралык төлөм системаларынын ишин убактылуу токтотту

Улуттук банк улуттук жана эл аралык төлөм системаларынын ишин убактылуу токтотту.   Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, бул өлкөдө абал турукташмайынча банк тармагынын коопсуздугун камсыздоо үчүн кабыл алынган чара.   Ошондой эле, өлкөдөн ири суммадагы акча чыгарылбашы үчүн  Свифт системасы дагы убактылуу иштебейт.

“Манас” аэропортун авиациянын 500дөн ашык кызматкери кайтарып жатат

“Манас” аэропортун авиациянын 500дөн ашык кызматкери кайтарып жатат. Бул тууралуу аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришти. Башкы максат – аба каттамдардын, жүргүнчүлөрдүн, кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо.   Учурда аэропорт кадимки шартта иштеп жатат. Бардык эл аралык жана ички каттамдар жүгүртмөгө ылайы аткарылууда.