Педагогикалык багыттагы студенттердин стипендиялары 2 эсе көтөрүлдү

Педагогикалык багыттагы студенттердин стипендиялары 2 эсе көтөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, чечим өкмөт тарабынан мектеп бүтүрүүчүлөрү арасында педагогикалык адистикти абройлуу кылуу максатында кабыл алынды.

 

Ага ылайык, аталган багытта билим алып жаткан студенттердин стипендиясы 1-сентябрдан тарта көбөйтүлдү.

 

Эми университеттерде окугандар 800 сомдун ордуна 1 миң 600, ал эми колледж техникумдардын студенттери 720 сомдун ордуна 1 миң 440 сом алышат.