“Манас” аэропортун авиациянын 500дөн ашык кызматкери кайтарып жатат

“Манас” аэропортун авиациянын 500дөн ашык кызматкери кайтарып жатат. Бул тууралуу аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришти. Башкы максат – аба каттамдардын, жүргүнчүлөрдүн, кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо.

 

Учурда аэропорт кадимки шартта иштеп жатат. Бардык эл аралык жана ички каттамдар жүгүртмөгө ылайы аткарылууда.