Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча эл аралык мелдешке катышат

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Poland Open эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу спортчу соцтармактагы баракчасына жарыялады. Тыныбекова мелдештен кийин атайын машыгууларды Польшада улантат. Белгилеп кетсек, буга чейин пандемияга байланыштуу көпчүлүк спорттук мелдештер токтотулган.

Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, медициналык мекеме 90 орунга чакталат. Имаратты калбына келтирүүгө каражат мамлекет тарабынан бөлүнүп берилди. Жумуштар 18-ноябрда аяктап калат.

Бишкектин Ахунбаев Токтоналиев көчөлөр кесилишинде контейнерде өрт чыгып,  бир адам каза тапты

Бишкектин Ахунбаев Токтоналиев көчөлөр кесилишинде контейнерде өрт чыгып,  бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Өрт тууралуу маалымат түшөрү менен саат 20:36да бир бригада чыгып кеткен. Контейнерден чыккан өрт саат 21:10до чектөөгө алынып, саат 22:15те толугу менен өчүрүлгөн. Учурда каза тапкан адамдын… Кененирээк…