Президенттик шайлоонун үгүт иштерине катышууга 217 ММК аккредитациядан өттү
Президенттик шайлоонун үгүт иштерине катышууга 217 массалык маалымат каражаты аккредитациядан өттү. БШКдан билдиришкендей, аларга 56 телекомпания, 28 радиостанция, 61 гезит жана журнал, ошондой эле 72 интернет-басылма кирет. Өз кезегинде шайлоо өнөктүгү 15-декабрда старт алат. Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 10-январга белгиленди.