Бишкектин Ахунбаев Токтоналиев көчөлөр кесилишинде контейнерде өрт чыгып, бир адам каза тапты.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Өрт тууралуу маалымат түшөрү менен саат 20:36да бир бригада чыгып кеткен.
Контейнерден чыккан өрт саат 21:10до чектөөгө алынып, саат 22:15те толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда каза тапкан адамдын өздүгү такталууда.