Кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлерине ноябрь үчүн компенсациялар бериле баштады
Кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлерине ноябрь үчүн компенсациялар бериле баштады. Жалпысынан бул максатта 222 миллион 700 миң сом багытталат, деп билдиришти милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан. Маалыматка ылайык, жалпысынан өткөн айда дээрлик 12 миң медицина кызматкери ишке тартылды. Бул октябрга салыштырмалуу 4 миңге көп.