Кыргызстанда чет элдик валюта саткан канал аныкталды

Кыргызстанда чет элдик валюта саткан канал аныкталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, 14-декабрда Бишкекте 1969-жылы туулган жаран кармалды. Андан ири суммадагы жасалма АКШ доллары табылды. Такталган боюнча, табылган чет элдик жасалма валюталар жогорку сапатта жана атайын таркатуу максатында жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн биринде даярдалган. Кармалган… Кененирээк…

2021-жыл көптөгөн жылдыз белгилер үчүн динамикалуу жана позитивдүү болот

2021-жыл көптөгөн жылдыз белгилер үчүн динамикалуу жана позитивдүү болот. Астрологдор белгилешкендей, Эгиздер, Тараза жана жаачылар кеп-кеңештери жана керектүү байланыштарды пайдаланып толук түрдө жаңы кесипке ээ болуп, өзүнүн абалын жакшырта алат. Бийкеч, Бөйөн жана Суупериси күзгө чейин бары жакшы болот. Андан кийин сүйүктүүлөр жана өнөктөштөр ортосунда… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 403 адам ковидди жеңип чыкты

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 403 адам ковидди жеңип чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, сакайгандардын басымдуу бөлүгү Бишкекке, Чүй жана Ысык-Көл облустарына туура келет. Ушуну менен өлкө боюнча коронавирустан айыккандардын жалпы саны 71 миң 270 адамга жетти.

Париж мэриясына жетекчилик кызматтардын көбү аялдарга таандык болгону үчүн айып салынды

Париж мэриясына жетекчилик кызматтардын көбү аялдарга таандык болгону үчүн айып салынды. Франция шаарынын администрация башчысы Анн Идальго билдиргендей, мындай чечим негизсиз. Идальгону Франция бийлиги жетекчилик кызматтарга 11 аял жана болгону 5 эркек 2 жыл мурда бекитилгени үчүн айыптады. Бул башкы посттордун 69 пайызы аялдарга таандык… Кененирээк…

Мөөнөтүнөн мурда өтө турчу президенттик шайлоо жана референдум кандай шартта өтөөрүн БШКдан айтып беришти

Мөөнөтүнөн мурда өтө турчу президенттик шайлоо жана референдум кандай шартта өтөөрүн БШКдан айтып беришти. Комиссиядан билдиришкендей, шайлоо тилкелеринде эки урна орнотулат. Тиешелүү урналарга добуш берүүчүлөр блюллетендерди салат. Боршайкомдон белгилешкендей, алгач президенттикке талапкерлердин добуштары саналат. Андан кийин референдум боюнча. Бир эле учурда автоматтык эсептөөлөр жүргүзүлөт

Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынууда

Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынууда. Мамлекеттик экотехинспекциядан билдиришкендей, бүгүнкү күндө шаарды көрктөндүрүү долбоорунун алкагында курулуштун 1-этабы жүрүп жатат. Коруктун аймагындагы 75 объекти түрттүрүлүп, узундугу 5 чакырымды түзгөн тротуар жана веложолчо курула баштады. Иштер Вахапов көпүрөсүнөн Токтогул сейил багында жайгашкан көпүрөгө чейин аткарылууда.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда милициянын көчмө түйүнү пайда болду

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда милициянын көчмө түйүнү пайда болду. Аймактын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, мындай унаалар Ысык-Көл, Жети-Өгүз райондорунда жана Каракол, Балыкчы шаарларында иштеп жатат. Милиция кызматкерлери жана социалдык органдын өкүлдөрү жарандардын арыздарын кабыл алышууда

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө кубогу мелдешинин финалына чыкты

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө кубогу мелдешинин финалына чыкты. Жуманазарова жарым финалда украиналык спортчу менен кез келип жеңүүчү болду. Беттеш 6:6 эсеби менен аяктап, кыргызстандык балбан кыз жасаган ыкмалардын сапатына артыкчылык берилди. Эми алтын байге үчүн бүгүн чехиялык балбан менен кармашат. 68 килограмм салмакта… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова спорттук күрөш боюнча Дүйнө кубогунда чемпион аталды

Айсулуу Тыныбекова спорттук күрөш боюнча Дүйнө кубогунда чемпион аталды. Тыныбекова жыйынтыктоочу оюнда латвиялык балбан кызды 14:0 эсебинде жеңди. Ал эми жарым финалда Россиялык спортчуну 13:2 эсебинде утуп алган. Ага чейин түркиялык жана румяниялык балбандарды ири эсепте артта калтырган. Белгилеп кетсек, аталган турнир Сербиянын Белград шаарында… Кененирээк…

Баткен облусунун Кадамжай районунда контейнерден курулган оорукана ишке даяр

Баткен облусунун Кадамжай районунда контейнерден курулган оорукана ишке даяр. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 200 орундуу медициналык мекеме жакынкы аралыкта пайдаланууга берилет. Жеңил конструкциядан куралган оорукананын жалпы аянты 1 гектарга жакын. Оорукана керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалып, бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлдү. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…