Таласта тамактануучу жайдагы жарылуудан жабырканадардын экөөсү Бишкекке которулат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, алар кийинки дарылануусун травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда улантышат.
Учурда Кара-Буура ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүндөгү дагы 3 бейтап дагы, зарылчылык жаралса, ордо калаага жеткирилет.
Эске салсак, 4-январда Кызыл-Адыр айылындагы тез тамактануучу түйүндө газ баллон жарылып, 11 адам жабыркады.